1. Кабардар болуу. Марусянын жөнүн Зарылдан билди (Сыдыкбеков). Мага кара санагың келсе, анда ажалыңдын жеткени. Муну билип кой (Байтемиров). 2. Кандайдыр бир нерсе, иш, окуя ж. б. жөнүндө акыл-сезиминде баамдоо, ажырата алуу. Чындыкты таанып билем, сүйө билем (Осмонов). Оку, иште, өнөр үйрөн көптү бил! (Нуркамал). 3. Аңдоо, түшүнүү. Олжобай билди ошондо Акмаматтын сөзүнөн («Олжобай менен Кишимжан»). Аркамда солдат балдырап Жайымды айтсам, тил билбейт (Токтогул). 4. Таануу. Көрүп, билип калсаңыз Көздүн кырын салсаңыз («Кедейкан»). || Туюу, сезүү. Мойнок, Кандек деген эки ит Жытын билип келген жоонун, үрүп чыгышты тосуп жолун (Борбугулов). 5. Башкаруу, бийлик кылуу. Атаң Эрман ашында Айлыңызды билиңиз («Эр Табылды»). Былк эткизбей көп журтту Билип калган кези экен («Семетей»).